Талас районунун Арал айылында Куран окутуу борбору ачылды

Катар кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен  Талас районунун Арал айылында Куран окутуу борбору ачылды. Саамалыкка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана жергиликтүү тургундар катышышты.

«Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт. Силердин эң жакшыңар — Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр дейт пайгамбарыбыз хадисинде. Бул хадисте үйрөнгөн менен үйрөтүүчүнүн жакшылык жана соопто бирдей болгонуна басым жасалган. Андыктан балдарыңыздарды, неберелериңиздерди окутуңуздар,- деди облус казысы.