«Кадича» кыздар медресесиндеги 23 студент Куранды толук жаттап, окууну ийгиликтүү аякташты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Ыйман-Бакыт» коомуна караштуу «Кадича» кыздар медресесинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, медресенин студенттери, мугалимдер, ата-энелер катышты.

«Илим алуу мусулман аялга да, эркекке да парз деп айтылган. Билимдүү аял келечек ээлерин мыкты тарбиялайт. Сиздер ушул жерден алган илим-билимди жана жаттаган Куранды унутпай, аларга ар убак амал кылып жашоону башкы планга коюңуздар», – деп билдирди облус казысы.

Медресеге салым кошкон инсандарга жана мугалимдерге казыяттын атынан Ардак баракча жана ыраазычылык каттар тапшырылса, Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан ар бир бүтүрүүчүгө ыйык Куран белек кылынды.

Эскерте кетсек, быйыл «Кадича» кыздар медресесин 40 кыз аяктады. Алардын ичинен 23 окуучу  Куранды толук жаттаган хафиза кыздар болсо, калган 17 студент  илим жаатындагы бүтүрүүчү кыз-келиндер.