Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды

Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды. Саамалыкка Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана казыяттын эмгек  жамааты катышты.

«Учурда өлкөбүздөгү бардык дин кызматкерлерине бирдиктүү форма берилүүдө. Ислам динин элге жеткирүүдө, ысырапкерчиликтин алдын алууда имамдарыбыз коомчулук менен иш алып барат. Мындан ары  жолугушууларда формаларды кийип, иш алып барыңыздар. Муфтияттан берилген тапшырмаларды аткарууда көңүл буралы!»,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы дин кызматкерлери калк менен тыгыз кызматташып, түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү, элди ынтымак -биримдикке үндөө  керектигин билдирди.