Жалал-Абад облусунун казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барып, дин кызматкерлеринин көйгөйлөрүн угууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барды. Иш сапардын алкагында ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун айтып, бул жаатта имамдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жана КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында түшүндүрүү иштерин улантуу, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөй турган мечиттерди каттоону тездетүү маселеси каралды.

«Биздин Ала-Бука  жергесине болгон сапарыбыз бир гана маселе менен чектелбейт. Сиздердин райондо курулушу бүткөн, бирок түрдүү себептерден улам каттоодон өтпөгөн мечиттер бар. Бул багытта биз менен тийешелүү адистер келген. Алар өз жумуштарын жасап жатат. Мындан сырткары эл арасында молдолор жөнүндө ар кандай айың кептер айтылып келет. Мына ошондой ойлор болбош үчүн райондун борбордук мечитинде айылдагы мечит имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы боюнча   сабактар болуп жатат. Ысырапкерчиликти айып пул менен, же мажбурлоо жолу менен жасай албайбыз. Ошондуктан бул маселеде ар бир инсан өзүнчө ойлонуп, жыйынтык чыгаруусу зарыл. Ыксыз чыгым жасоонун ордуна айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп, элге эң керек деген нерселерди куралы. Болбосо колунда жок, жардамга муктаж жарандарды колдоого алалы! Мына ушундай жумуштарды жасап, сооп табалы», -деди Нематула ажы Жээнбеков.

 Жыйындын соңунда ысырапкерчиликтин алдын алууда мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү жобо иштелип чыкса деген пикирлер сунушталды.