Алай районундагы дин кызматкерлерине мечиттерди каттоо боюнча тапшырмалар берилди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районуна иш сапары менен барып, дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү» 2022-жылдын 24-февралындагы УП №54 Жарлыгын аткаруу алкагында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, радикализм жана экстремизмдин кесепеттери боюнча каалайыкка туура маалымат жеткирүү жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) эсептик каттоосунан өтө элек мечиттерди каттоо иштерин ыкчамдатуу маселелери боюнча сөз болду.

«Азыркы тапта Алай районунда 10 дон ашуун мечиттин каттоосу оор бойдон турат. Сиздер дин кызматкерлери катары мечиттердин каттоосуна катуу көңүл бурушуңуздар керек. Айрым мечиттердин каттоодон өтпөй турганы бизди ойго салышы шарт», – деп билдирди казынын орун басары.  

Ал эми казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси  Абдималик ажы Турсунбеков мечиттерди каттоонун күңгөй-тескейине токтолду.

«Жарандар үчүн ID паспорт кандай маанилүү болсо, мечиттер үчүн күбөлүк ошондой мааниге ээ. Ошол себептүү өзүбүз кызмат кылып жаткан мечиттин документтерине олуттуу мамиле жасоого тийишпиз. Кошуна мечиттерге да жардам берип, тилектештикти көрсөтүшүбүз керек», – деп билдирди ал.