Чүй жана Бишкек шаарындагы имамдарды Муфтият окута баштады

Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы казыят кызматкерлери, аймактагы имамдар үчүн окуу семинары башталды.  Окуу семанары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана адал иштери боюнча бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, анын алкагында Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, фатва берүү, имамдардын этикасы жана өзүн алып жүрүүсү темаларында окутуу иштери жүргүзүлөт.

Дин кызматкерлерине уюштурулган окуу семинарынын ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Замир каары Ракиев катышып, имамдарды бул окуудан көптөгөн пайдаларды алып, коомчулук менен тыгыз кызматташууга чакырды. Ал эми окуу семинарын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жигитали ажы Исмаилов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана бул бөлүмдүн кызматкерлери өтүшмөкчү.

Дин кызматкерлерине:

-Ислам тынчтыктын дини

-Ислам дини экстремизмге жана терроризмге каршы

-ИГИЛ-бул Ислам эмес

-Зордук-зомбулукту, экстремизмди жеңүүнүн жолдору жана ага каршы туруу

-Мусулмандын сыпаты

-Илим жана илимдүүлөрдүн артыкчылыгы

-Мекенди сүйүү ыймандан

-Тообо жөнүндө

-Үй-бүлөнү чыңдоо

-Адал ырыскы

-Эл ортосундагы ынтымак

-Ысырапкерчилик

-Маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелери

-Ислам дини тазалыкка үгүттөйт

-Айт намаздар темалары боюнча маалыматтар берилип, бул жаатта имамдарга тереңдетилип түшүндүрүлмөкчү.