Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Аль Азхар университетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды. Студенттер менен болгон жолугушуу учурунда Азирети Муфтий мекендештерибизди жакшы билимге ээ болуу менен Ханафий мазхабын жана Матрудий акыйдасын терең өздөштүрүп, билимди мыкты өздөштүрүүгө чакырды. Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттеги Кыргызстандык студенттерди бийик адеп-ахлакка үндөп, окууларына ийгилик ал эми өздөрүнө амандык тиледи.