Жалал-Абад казыяты Баткен облусунан эвакуацияланган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, түрдүү жардамдарды көрсөтүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят жамааты Баткенден эвакуацияланган 19 үй-бүлөнү тосуп алып, убактылуу үй-жай менен камсыз кылды. Ошондой эле 125 миң сомдук азык-түлүк жана тамак-аш тапшырды. Эвакуацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы кийим-кече таратуу менен бирге, алардын көңүлүн көтөрүү үчүн оюн-зоок жайларына алып баруулар уюштурулду.

Мындан сырткары кандуу окуяларда жабыр тарткан мекендештерге Жалал-Абад облустук казыяты тарабынан картөшкө, ун, өсүмдүк майы, көрпө-төшөк жана кийимдер жеткирилди. Жабыркагандардын абалын сурап, Азирети муфтийдин саламын жеткирген казыяттын бухгалтери Мелисбек Тургунбаев дагы да түрдүү жардамдарга даяр экенин билдирди. Эвакуацияланган мекендештерге жардам көрсөтүүнүн алкагында ооруканаларда дарыланып жаткан 15 үй-бүлөгө да жардамдар көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, Баткен облусунан Жалал-Абадга жалпысынан 250 үй-бүлө келген.