Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине «Мекенди сүйүү ыймандан» деген аталышта атайын лекция окулду

Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине  «Мекенди сүйүү ыймандан» деген аталышта атайын лекция окулду.

№703 аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен болгон жолугушууда  Мирлан ажы Токтомушов ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо, биримдик менен достуктун мааниси туурасында лекция окуп, мекен алдында өз милдеттерин өткөп жаткан аскерлерди эл-жерди сүйүүгө үндөө менен ак кызмат өтөөгө чакырды.

Лекциялык жыйынга Ош шарынын Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирлан ажы Токтомушов, түштүк горнизондун командири Бакыт Матраимов, офицерлер жана кызматкерлер катышты.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара чек ара кызматынын демилгеси менен өткөрүлдү.