Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактагы имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

SONY DSC

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Орто-Өрүктү айылында жалпы имамдар менен жолугушуп, мечиттерди каттоодон өткөрүү, жаштар менен иш алып баруу, ата-энелерге түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Муну менен катар Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттан келген буйруктарды тааныштырып, берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу керектигин эскертти.