Ош шаарындагы айрым мечиттерди каттоодон өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 21-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов калаадагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу адамдары менен жолугуп, тиешелүү иш кагаздарын даярдоону тездетүү боюнча тапшырма берди.

«Эсептик каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздарды даярдоодо жакындан жардам берип, казыят жамааты да жапа тырмак аракет кылып тездетели», – деди Мирланбек ажы Токтомушов.

Эске салсак, аталган жыйын казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдердин катышуусунда болуп өттү.