Ош шаарындагы мечит-медреселерде ишембилик уюштурулду

Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык өлкө боюнча мечит-медреселерде өткөрүлгөн ишембилик иш-чарасына Ош шаарындагы дин кызматкерлери да катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Айта кетсек, Ош шаарында 1 ислам институту, 3 медресе, 12 диний окуу борбор жана 81 мечит бар. Тазалык иш-чарасынын алкагында диний объектилердин ичи-сырты, айланасы, арык бойлору, бак-дарактардын астылары тазаланып, таштандылар чыгарылды.