Сокулуктагы дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйыны Дача-СУда өттү

Сокулук районундагы дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйыны Дача-СУ айылындагы «Абу-Бакр» мечитинде өттү. Жыйында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү, КМДБ жана казыяттын буйруктарын өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө имамдарга мазхаб жана акыйда боюнча сабак өтүлүп, аны «Равза» медресесинин мугалими Асомидин ажы жана «Умар» медресесинин мүдүрү Убайдулло Амиров өттү.

Сабак менен коштолгон жыйында жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыл ичиндеги жетишкендер жана кемчиликтер талкууланды. Ошондой эле авиа кырсыктан каза болгондорго Куран окулуп, эл-жер жана мамлекет үчүн дуба кылынды.