Өзгөндө имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөгө үй курулду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүндөгү Красный Маяк айылынын тургундары айылдагы муктаж үй-бүлөгө заманбап, бардык шарттары бар үй тургузуп беришти. Аталган үйдү тапшыруу аземи жогорку деңгээлде болуп өткөнүн Өзгөн райондук хатибиятынан кабарлашты.

Мындай демилгени аталган айылдын имамы Уларбек кары Самиев көтөрүп, элди ушул сооптуу ишке кол урууга чакырган. Уларбек кары бул ишти баштоодо Өзгөндүн баш имам-хатиби менен кеңешип, элди кайрымдуулукка үндөгөн.

Айыл имамы Уларбек кары Самиевдин мындай иш аракетин колдоп, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондук хатибятынын ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Аллах Таала Өз сөзүндө “жакшылыкта жарышкыла” деп айткан. Бул имамыбыз жакшылыкта, сооптуу иштерде жана кайрымдуулукта ар дайым көпчүлүктөн озуп жүргөн жигит. Элдин тилин билип, алардын көңүлүн таап, ушундай улуу, сооптуу иштерге үндөө баарынын эле колунан келе бербейт. Бул чоң эрдик жана жетишкендик», – деп билдирди.