Ош шаарында айымдар үчүн диний семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 29-январь күнү Ош шаарындагы «Классик» мейманканасынын жыйындар залында айымдар үчүн диний семинар өткөрүлдү. Аталган семинарда Ош шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов жана конок лекторлор Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков менен теология илимдеринин магистранты Айжан Акылбекова баяндама жасашты.

Аталган семинарда төмөнкү темаларда баяндама жасалды:

Эмилбек ажы Асылбеков: «Напсинин тузактары»;

Айжан Акылбекова: «Ислам жана психология».

Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов конок лекторлорго жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, айымдар үйдүн куту, берекеси экенин айтып, бала тарбиялоодон мурда ар ким өзүнүн жүрүм-турумун оңдоосу керектигин баса белгиледи.

Айта кетсек, иш-чарага 300 гө жакын айым катышты.