Ош шаардык казыяты жаштарды мекенди сүйүп, ага кыянат кылбоого чакырды

Бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул кеаары Осмонов Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин студенттери менен жолугушуп, мекенди сүйүүгө чакырды. Сутенттер менен болгон жолугушуу алкагында  Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуу, улууларды урматтоо жана адеп темаларында баяндама жасап, мекенге кыянаттык кылбастан алган билимге туура, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөдү. Муну менен катар жолугушуунун жүрүшүндө ата-эне тууралуу кыскача видео-роликтер көргөзүлүп, жаштарды экстремисттик агымдардан этият болуу, радикалдык үгүттөрдөн алыс болууга чакыкырык жасалуу менен кандай гана суроо жаралбасын расмий дин кызматкерлеринен жооп алуу керектиги айтылды.

Студенттер менен болгон жолугушуунун акырында Мурзакул каары Осмонов ОшМУнун Бизнес жана менеджмен факультетинин деканына жана мугалимдерине терең ыраазычылыгын билдирип, казыяттын «Абу Ханифанын өмүр баяны» китебин белек кылды.

Эскерте кетсек ,бул иш чара ОшМУнун демилгеси менен өткөрүлдү.