Нарын облусундагы жума мечиттеринде жер титирөөдөн жабыр тарткан боордош элге дубалар кылынды

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик Молдокулов Ак-Талаа районунун борбордук мечитинде жума хутбасын өтүп, чогулган элге ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча баян айтты. Мындан сырткары жамаат менен бирге Түркия жана Сирия жергесиндеги жер титирөөдөн көз жумган маркумдарга Куран хатм дубасын багыштады.

Нарын облусунун бардык жума окулган мечиттеринде Түркия Республикасында жабыр тарткан элге жардам иретинде акчалай жана кийим-кече, жууркан-төшөнчү сыяктуу зарыл буюмдарды жардам кылуу чакырыктары жасалды. Жардамдарды топтоо 13-февралга чейин жүргүзүлөрү айтылды.

Белгилей кетсек, облус казысы Нарындагы бардык мечиттерде Түркия жергесинде жабыр тарткан боордошторго жардам чогултуу буйругун чыгарып, аймактардагы райондук, шаардык баш имам-хатибдерге жүктөгөн.