Муфтият 11-10 ноябрь күндөрү өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн Бишкекте окутат

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2018-жылдын  10-11-ноябрь күндөрү  Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн  «Диний билим берүүнүн коомдогу орду» аталышында окуу семинарын өткөрөт.

Окуу семинардын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  «Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт» уюмунун өкүлү  доктор  Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышмакчы.

Семинар республикалык масштапта болуп жаткандыктан бул күнү келчи коногубуз пайгамбарыбыздын САВ акыйкат пайгамбар экендигин таанытуу, пайгамбарыбыздын САВ сүннөт жолун жайылтуу жана пайгамбарыбызды САВ коргоо туурасында өзүнүн сабагын өтөөрү күтүлүүдө,-деди КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Муну менен катар семинар алкагында окутуунун жаңы усулдары, окуу программасын жакшыртуу жана бирдиктүү окуу программасын тереңдетип үйрөтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен диний окуу жайлардын шарттарына көтөрүү маселелери кармалмакчы.