Тоң районундагы Куран окутуу борбору өз ишин баштады

Muftiyat.kg/ 19-июнь/ Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитинин алдындагы  «Куран окутуу борбору» учурда өз ишин баштап, жайкы эс алууга чыккан жаштарга таалим-тарбия, Куран окууну үйрөтүүдө. Бул туурасында райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында жайкы эс алууга чыккан жаштар өз каалоолору менен Куран окутуу борборуна келишип, адеп-ахлак, ыйман жана Куран сабактарын үйрөнүшүүдө.

“Учурда 16 бала аталган борбордо сабак алышууда. Сабак күнүнө 2 саат өтүлүп, борбордун айланасында балдар үчүн оюндар ойнотулуп, ар бир баланы ата-энеси келгенде тапшыруу тартиби катуу каралган”,-дейт окуу борбордун мугалими Алымбек каары.