Ошто аз камсыз болгон медресе студенттерине акчалай жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 18-апрелде Ош шаарындагы «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде алыскы аймактан келген диний окуу жайлардагы муктаж студенттерге акчалай жардам берилди. Алсак, “Курманжан-Датка” медресеси, “Абдыжапар” ислам институту, “Жабир” кыздар медресеси, КИУнун Ош коллежи жана “Имам Матуридий” медресесинде окуган аз камсыз студенттерге материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ыйык Рамазан айынын урматына АКШда эмгектенип жүргөн Наргиза аттуу эжебиз жана Акыл аттуу бир тууганыбыз кайрымдуулук кылды. Алла Таалам чет өлкөдө иштеп жүргөн бурадарларыбыздын ушул кайрымдуулугун кабыл алып, аларды эки дүйнөнүн тең кыйынчылыктарынан коргосун. Урматтуу студенттер, ардактуу болочок аалымдар. Жогоруда аты аталган эки инсанга, ошондой эле эли-журтубузга, Мекенибизге дуба кылып коюңуздар, – деп билдирди “Имам аль-Бухари Алай” мечитинин имамы Хадисбек Нурматов аманаттарды тапшырып жатып.

Мечит имамынын айтымында, диний окуу жай студенттерине 18 миң, ал эми аз камсыз жана жардамга муктаж көп балалуу энелерге 15 миң сом болуп, жалпы 33 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү.