Жоробай ажы Шергазыев: «Ажыга баруучунун ниети калыс Жараткан үчүн болууга тийиш»

Muftiyat.kg/ 20-июнь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынан жана Баткен районунан  ыйык Мекке шаарына ажылык милдетин аткарууга жөнөп жаткан мекендештерге ажылык боюнча  слайд түрүндө   лекция окуду. Лекция  Баткен шаарындагы  борбордук  “Нумани” атындагы мечитте өтүп, зыярат кылуудагы адеп-ахлак маселелерин, ажыга барган адам эмнелерди билүүсү керек, кандай парздарды аткарышы керектиги туурасында кеңири маалыматтар айтылды. Ошондой эле Жоробай ажы Шергазыев ажыга баруучу адамдын ниети калыс Жараткан үчүн болуусу маанилүү экендигин баса белгиледи. Ал эми уюштуруучулардын  айтымында ар бир ажыга баруучу бул сабактарга катышып, андан кийин ажылык сапарга барышса амалдарды толугуурак аткарууга жардамын бермекчи.

Ушундай эле түшүндүрүү иштери Баткен облусунун Исфана шаарынын  борбордук мечитинде, Сүлүктү  шаарында жана Лейлек  райондорунда уюштурулуп,  Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев   ажылыктын тартиби, шарттарын түшүндүрүүдө. Ошондой эле Сауд Арабиянын ажыларга койгон талаптарына баш ийүү керектигин, парз жана важиб амалдарды аткаруу учурунда тартипти сактоону жана таш атууга барууда атайын белгиленип берилген убакытта чыгууну эскертти.