Абдил-Азиз ажы Чыныбеков райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, Курман айтты жогорку деңгээлде өткөрүүнү табыштады

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында райондун баш имам-хатибдерине жыйын өтүп, анда имамдардын аймактарда алып барып жаткан ишине баа берилип, бир катар тапшырмалар берилди.
— Курман айт намазын жогорку деңгээлде өткөрүү жана курмандыктын эттерин муктаж үй-бүлөлөргө таратуу;
— этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана чыр-чатактарды болтурбоого багытталган үгүт-насаат иштерин жүргүзүү;
— Мечиттердин айлана-тегерегин тазалоо;
— Мечиттердин эсептик каттоодон өткөрүү иштерин ыкчамдатуу.

«Өлкөбүздүн 85 пайызын  мусулмандар түзөт. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде, «ким бир мусулмандын бир муктаждыгын бул дүйнөдө бүткөрсө, Алла Таала анын дүйнө-акыретте муктаждыгын бүтүрөт» деп айтылат. Сиздер пайгамбарлардын мураскорлору катары мусулмандардын жүгүн көтөрүп, кандай гана жакшы иш жасасаңыздар, сөзсүз түрдө анын жыйынтыгын аласыздар. Алла Таала өлкөбүзгө тынчтык, иштерибизге ийгилик берсин», – деп билдирди облус казысы.

Айта кетсек, облустагы диний объектилерди каттоодон өткөрүү жараяны жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. Казыяттан маалымдашынча, Жайыл жана Панфилов райондорунда дээрлик бардык мечиттердин документ иштери соңуна чыкты.