Азирети Муфтийдин Курман айттык куттуктоосу


اعوذ بالله من الشيطان الرجيم

بسم الله الرحمن الرحيم

الحمد لله رب العالمين

والصلاة و السلام علي رسولنا محمد و علي اله و صحبه اجمعين

Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандар, ардактуу мекендештер! Жалпыңыздарды бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен чин дилимден куттуктайм.

Курман айт исламдагы улуу майрамдардын бири. Бул күнү момун-мусулмандарды ыйман, ибадат жана тарыхый кубаныч бириктирет. Исламдагы майрамдар жыл сайын мусулмандык аң-сезимди жаңырткан, адамгерчиликти тирилткен, биримдик жана ынтымакты ойготкон, ырайым жана береке жаадырган кызыл дата!

Бул күнү мүмкүнчүлүгү жеткендер Алла жолунда курмандык чалып, өздөрүнүн да, үй-бүлө, жакын туугандары, кошуна-колоңдорунун да, ошондой эле муктаждардын көңүлүн көтөрүп, аларга майрамдык маанай тартуулайт. Ырасында курмандык чалуу шүгүр кылуунун, Жаратканга ыракмат айтуунун белгиси. Алла Таала “… ким Алланын белгилерин (курбандыктарынын мыктысын, семизин союп) улуктаса, албетте ал жүрөктүн такыбалыгынан” деп айткан (Хаж сүрөсү, 32). Демек, Курман айтты кооз сөздөр же тексттер, ар кандай картиналар менен гана майрамдоо жетиштүү эмес. Майрам жашоонун бардык бөлүгүн кучагына алышы кажет. “Алланын белгиси” эсептелген Курман айтты кандай өткөрүп келдик, кандай өткөрүшүбүз керек, өзүбүзгө суроо салалы.

Ыйык Куранда, “Курмандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт (Аллага силер сойгон малдын эти да, каны да, эч нерсесинин кереги жок. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Алла силер өзүңөр жакшы көргөн малыңардан Эгеңердин ыраачылыгын табуу үчүн сарптоого эркиңер жетеби-жетпейби, ошону  сыноо үчүн курмандыкты буйруп койгон). Бирок силердин такыбалыгыңар гана (Аллага) жетет (курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендиктериңерди да көрсөтүп турат). Силерге туура жол көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. (Оо Мухаммад), жакшылык кылгандарды (Бейиш менен) кубандыр” деп айтылган (Хаж сүрөсү, 37). Андыктан курмандык чалуу өзүбүз үчүн гана пайдалуу. Анын эти да, каны да, очоктон көтөрүлгөн түтүнү да кудай таалага пайдасыз. Акыйкатта ал эч нерсеге муктаж эмес!

Курман айттын беш өзгөчөлүгүн атап өтүүдө пайда бар.

1) Азирети Ибрахим (а.с.), Азирети Исмаил (а.с.) сыяктуу Алланын буйругуна кемчиликсиз баш ийүү сезимин жаратат.

2) Алланын ыраазычылыгы үчүн мал-дүйнөдөн баш тартып, аны Алла жолуна сарптоону үйрөтөт.

3) Сабырдуулукка тарбиялайт.

4) Шүгүрчүлүккө үндөйт.

5) Мээримдүүлүк, кайрымдуулук сезимдерин күчөтөт.

Ушул ыйык күндөрү ажыларыбыз ыйык жайларда улуу милдетин өтөп жүрөт. Алар биз үчүн, өлкөбүз үчүн, Мекенибиз үчүн дуба кылууда. Биз да алар үчүн дуба кылып, аман-эсен кайтып келишин Жараткандан тилейли.

Ардактуу момун диндештер!

Арабызда Курман айтты көптөн-көп күткөн жандар бар. Алар калктын аярлуу катмары. Ата-энеси жок жетимдердин, жалгыз бой энелердин, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, эч кимиси жок кары-картаңдардын да көңүлүн көтөрүп, аларга да майрамдык маанай тартуулаганды унутпайлы. Алар да биздин бир туугандар. Курман айттын урматына бир тилим эт, бир килограмм кант белек берип болсо да жүрөктөрүнө жылуулук тартуулайлы. Алар өздөрүн жалгыз сезбесин. Улуу күндөрдө кароосуз калып кетпесин…

Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырман мекендештер!

Курман айтыңыздар маарек болсун! Алла Таала окуган айт намазыңыздарды, чалган курмандыктарыңыздарды, кылган ибадаттарыңыздарды өз даргөйүндө кабылдасын. Улуу айттын шарапатына элибизге ынтымак, биримдик, бакыт-таалай, жергебизге жана дүйнөгө тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү, динибизге риваж берсин. Оомийн!

Айтыңыздар менен куттуктап, 

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев