Чоң-Алайда жергиликтүү жарандардын демилгеси менен медресе курулуп, хатибиятка тапшырылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1983-жылы туулган жарандардын демилгеси менен жаштардын диний билимин арттыруу максатында медресе курулуп, Чоң-Алай райондук хатибиятына өткөрүп берилди.

Райондун баш-имам хатиби Алимбек ажы Маматаминов демилгечилерге ыраазылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Районубуздун жаштары келечектин камын көрүп, илимдин, адеп-ахлактын, берекенин ордосу болгон медресе куруп, элге тартуу кылып жаткан учур. Жараткан кылган калыс кызматтарын Өз даргөйүндө кабыл кылсын. Кудайым Таалам насип кылып, бул медреседен атагы алыска тараган ханафий мазхабы жана матуридий акыйдасын кубаттаган аалымдар чыксын деп тилек кылабыз”.

Белгилей кетсек, Чоң-Алай районунда буга чейин диний таалим берген медресе болгон эмес. Аталган окуу жай алгачкы медресе болуп калмакчы.