Таласта имамдардын илимин жогорулатуу максатында сабак өтүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын кеңсесинде Талас жана Бакай-Ата райондорунун имамдарына «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариел ажы Абжалбеков, 10 кыраат ээси Имамали кары Тажибаев жана аалым Каныбек Баргиев сабак өтүштү.

Алгач облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев имамдардын билим деңгээлин өстүрүү керектигин айтып, жалпы имамдарга ийгилик каалап өттү. Сабактын жүрүшүндө Тариел ажы Абжалбеков аалым Молдо Сабырга таандык «Таухид» китебинен акыйда илими боюнча, Имамали кары Тажибаев тажвид боюнча, ал эми Каныбек ажы Баргиев жаназа туурасында сабактарды өтүштү. Сабакка имамдар активдүү катышып, суроолорду беришип, сабак абдан кызыктуу, жогорку деңгээлде өтүлгөнүн билдиришти. 

Ушундай эле сабак Ч. Айтматов районундагы «Ансор» мечитинде Ч. Айтматов жана Манас райондорунун имам-хатибдерине да өтүлдү. Облус казысы мындан ары имамдарга ушундай сабактар ар жума сайын өткөрүлүп турарын белгиледи.