Ош шаарында болочок ажыларды ажылык сапарга даярдоо иштери башталды

Muftiyat.kg/ 18-июнь/  Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Сулайман-Тоо мечитинде 2018-жылы ажыга баруучуларга атайын сабактар өткөрүлө баштады. Иш чарага Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев 2018-жылы атайын конкурстан өткөн ажы башчылылар, ажыга баруучу жарандар катышып, шаар казысы ажыга баруучу жарандарды өмүрүндө биринчи барганы парз, кийинки баргандары сүннөт болоорун эскертип, жоопкерчиликтүү, ар бир үйрөтүлгөн сабактарды дыкаттык менен көңүл буруу, ошондой эле ажы башчыга баш ийип, дайыма анын айтканын угуп жүрүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Ош шаарынан 6 ажы башчы атайын конкурстан өтүп, КМДБнын сертификатына ээ болгон.