Алимбек ажы Маматаминов: «Ата-энеге кызмат кылуудан эч качан чарчабаңыз»

Ош облусуна караштуу Чоң -Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Карамык айылынын тургундары менен жолугушуп, ата-энени сыйлоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баян кылды.

«Ата-энени сыйлап, урматтоо менен Алла Тааланын ыраазылыгын табасыздар. Ата-энеге кызмат кылуудан эч качан чарчабаңыз. Анткени бул туурасында кереметтүү Курандын Исра сүрөсүнүн 23-аятында «Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө!» деп буюрган. Ошол себептен ата-энени сыйлоо перзенттик милдетибиз», – деди Алимбек ажы Маматаминов.