Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайы өттү

Бүгүн, 10-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайы өтүп, күн тартибинде өлкөдөгү диний абал, КМДБнын уставына айрым толуктоолорду киргизүү, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу сыяктуу бир катар маселелер каралды. Муну менен катар делегаттар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи кызмат ордуна Абдулазиз кары Закировду бекитишти.

Өлкө аймактарынан келген 213 делегат Аалымдар Кеңешинин, Борбордук текшерүү комиссиясынын жана мурдагы муфтийдин отчёттук маалыматын угуп, мамлекетибизге тынчтык, биримдик жана ынтымак тилеп дуба кылышты.