Ош шаарында «Пайгамбарыбызды тааныйлы» аттуу аялдардын конкурсу өткөрүлдү

Бүгүн, 19-май күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана “Примов” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган “Пайгамбарыбызды (с.а.в.) жакындан тааныйлы” аттуу аялдардын китеп окуу конкурсу болуп өттү. 

Конкурс 60 тесттик сурооyун негизинде түзүлүп, “Аль Бухари Алай” мечитинде уюштурулду.  

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, «Биздин бул конкурсту өткөрүүдөгү максатыбыз калаабыздагы аялзатынын пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалын билип, анын сүннөтү менен жашоону билип калышса деп өткөрүп жатабыз», – деп билдирди. 

Конкурстун жыйынтыктоо аземи Ош шаардык улуттук драм театрында өткөрүлүп, алдыңкы орунду алгандарга байгелер тапшырылмакчы.

Белгилей кетсек, эртең, 20-май күнү Ош шаарындагы жалпы мечит имамдарына “Мухтасар аль-Викая” китебинен конкурс өткөрүлөт.