Азирети Муфтий: Ата-эне ыраазы Аллах ыраазы, Аллахтын ыраазылыгы ата-эненин ыраазычылыгында!

Урматтуу апалар, сүйүктүү энелер! Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эне мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! «Эне» же «ата» деген кандай гана керемет сөздөр, жашоонун маңызы, түркүгү.

Ыйык Куранда Алла Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылып, бүтүндөй өмүрүн балдары үчүн арнап өтүшөт. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон.

Картайган мезгилде балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз (Алла Таала андан ыраазы болсун): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал»,-дейт.

Ар бирибиз энелерди майрамдарда гана эстеп койбостон, күн сайын урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз! Өтүп кеткендердин жаркын элесин эстеп дайыма Куран окуп, алар үчүн сооптуу амалдарды жасап туралы.  

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ата-эне ыраазы Аллах ыраазы, Аллахтын ыраазылыгы ата-эненин ыраазычылыгында экендигин эч качан унутпайлы.

Жараткан Алла Таалам энелерибизге бактылуу карылык, бекем ден соолук, бак дөөлөт берсин. Дайыма төрүбүздүн көркү болуп, кеп-кеңешиңиздерди айтып жүрө бериңиздер.

Сиздерди терең урматоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров