Кара-Суу райондук хатибияты садака-фитирлерин таратты

Кечээ, 17-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук хатибияты 2024-жылкы садака-фитирлерин таратты.

Садака-фитир таратууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, айылдардагы муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлүп, жалпысынан 131 үй-бүлөгө 3000 сомдон, авто кырсыктан улам жабыркаган бир үй-бүлөгө 10 миң сом акчалай жардам берилди.

Садака-фитир таратууда Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, Кара-Суу районунун жаңы дайындалган баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, мурдагы баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги жана муктаж үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

«Садака фитир муктаждардын акысы. Алла Таала аны байларга берүүнү милдет кылган. Даанышман Кудай Таала пенделерине эки түрдүү жакшылык берип, аларды сынайт. Бири байлык, экинчиси муктаждык, ооруу жана башка кыйынчылыктар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.