![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/05/IMG_20240517_193256_874.jpg)
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмалар берилди.
— Ысырапкорчулуктун алдын алуу;
— Мухтасар аль-Викоя китебинен өтүлүүчү конкурсуна активдүү катышуу;
— Жайкы курстарды уюштурууда тиешелүү талаптарды аткаруу;
— Казыят, хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликтүү болуу. Айта кетсек, Ынтымак айыл өкмөтү менен Кулатов айыл өкмөтү бириккендиктен, ага жооптуу имам дайындалды. Учурда эки айыл өкмөттө биригип, 37 имам эмгектенип келет.