Ош шаардык казыяты мэрия менен биргеликте ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 18-май күнү Ош шаардык мэриясы жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери ишембилик өткөрүп, тазалык саамалыгына жалпы 500дөн ашуун адам катышты. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов исламдагы тазалыктын пазилеттерине токтолуп,

«Жаз айынын башынан бери өлкөдөгү жалпы казыяттарда Азирети Муфтийдин буйругу менен ишембиликтер өткөрүлүп келе жатат. «Тазалык – бул ыймандан» демекчи, биз, Ош шаардык казыяты дагы жалпы диний окуу жайлардын талабалары жана мэрия менен биргеликте “Токтогул” жана “Мээрим” сейил багын тазалаганы турабыз», – деди иш-чара башында. «Бул иш-чарада ар бирибиз шаарыбыздын тазалыгы үчүн колдон келишинче ишембиликти мыкты аткаралы. Аны менен катар Ак-Буура дарыясынын жээгинде таштандылар болсо, дарыя жээгин акыр-чикирден арылтабыз”, – деди Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын орун басары Дооронбек Турдубеков.