Абдирашит ажы Батыровго Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын Алкыш баракчасы тапшырылды

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана жигердүү эмгеги үчүн Абдирашит ажы Батыровго жана райондогу жалпы имамдарга Алкыш баракчасы ыйгарылды.

Батыров жетектеген Кара-Суу райондук хатибияты жана райондогу жалпы имамдар Рамазан айында жергиликтүү жамааттын колдоосу менен удама-удаа кайрымдуулуктарды уюштурушкан. Ошондой эле массалалык ишембиликтерди өткөрүү, диний агартуу жана эл биримдигин ширетүүгө өз салымын кошушкан.

Айта кетсек, 2018-жылдан бери Кара-Суу районунун баш имам-хатибдик кызматын аркалап келген Абдирашит ажы Батыров кызматын өз арызынын негизинде тапшырып, ордуна Исак ажы Юнусов дайындалган.