Мирислам ажы Абдиев: “Жанкечтилик өтө чоң күнөөлөрдөн”

Бүгүн, 18-май күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларды кайра даярдоо аскер бөлүгүндө жанкечтиликтин кесепеттери боюнча лекция болуп өттү. 

Ош шаардык казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Мирислам ажы Абдиев адамдын өз өмүрүнө кол салуусу бул өтө чоң күнөөлөрдүн бири экенин айтып, буларга токтолду:

«Хадистин мазмунунда «Кимде-ким өзүнүн жанына кол салса, кыяматта ошол абалда азапталат». Өмүр, ден соолук, жан – бул аманат, ага кыянат кылуу дагы чоң күүнөлөрдөн болуп саналат», – деди Мирислам ажы Абдиев.