Манаста имамдарга жыйын өткөрүлдү

Талас облусунун Манас районунда жалпы имамдарга кварталдык жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана жалпы район имамдары катышты.

Алгач беш ай аралыгында аткарылган иштердин маалыматы айтылып, район ичинде болуп жаткан иштер талкууланып, имамдарга бир канча тапшырмалар берилди .

1. Жума намазы жана жамаат намаздарда имамчылыкка жоопкерчиликтүү болуу;

2. Бекитилген жылдык иш пландын негизинде иш алып баруу;

3. Күндүзгү курстарды уюштуруу;

4. Муфтият жана казыяттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу.

Облус казысы өз сөзүндө: «Жалпыбыз дин кызматында жүрөбүз. Кудайым баарыбыздын кылган кызматыбызды кабыл кылсын. Бул кызмат бизге аманат. Мындан алдын берекелүү орозо айын өткөрдүк, ал айда да сиздер кызмат кылдыңыздар. Кызматыңыздарды Кудайым кабыл кылсын. Мындан ары да элибиз,жерибиз жана динибиз үчүн ак кызмат өтөөнү Кудайым насип этсин», – деп билдирди.