Ош шаарында “Мухтасар Аль-Викая” китеби боюнча сынак өткөрүлдү

Бүгүн, 20-май күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын демилгеси, “Примов” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен «Мухтасар Аль-Викая» китеби боюнча жалпы мечит имамдарынын арасында конкурс болуп өтттү.

Тест түрүндө өткөн конкурста Ош шаарынан жалпы 130 имам катышты.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жалпы катышуучу дин кызматкерлерине ийгилик каалап, конкурска катышуунун өзү жетишкендик экенин билдирди.

“Дарак” басма үйүнүн түштүк аймактагы өкүлү Шерзат Насиров: «Суроолордун баары сиздер окуган «Мухтасар» китебинен түзүлдү. Андыктан сиздерге кыйынчылык жок. Болгону суроону туура түшүнүп белгилесеңиздер туура болот», – деди. Айта кетсек, сынактын жыйынтыгы кечээ өткөрүлгөн аялдардын конкурсунун жыйынтыктоо аземи менен бирге 30-май күнү жыйынтыкталат.