Ош облусу боюнча жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен конкурс өткөрүлдү

Кечээ, 19-май күнү Ош облустук казыяты тарабынан «Дарак» басма үйү менен биргеликте, «Примов» фондунун демөөрчүлүгү менен облустагы жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен конкурс өткөрүлдү.

Конкурска даярдануу үчүн расмий мечит имамдарына 2024-жылдын февраль айында билдирилип, апрель айында «Примов» фондунун каржылоосу менен «Мухтасар аль-Викая» китебинин кыргызча котормосу акысыз таратылган.

Конкурстун жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи үстүбүздөгү жылдын 30-май күнү Ош драм театрында өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, аталган сынактын жалпы байге фонду 1 000 000 сом.