Токмокто «Фикхул акбар» китебинен семинар аяктап, имамдарга сертификаттар тапшырылды

Кечээ, 19-май күнү Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «София» медресесинде Чүй району жана Токмок шаарынын жалпы имамдарына «Фикхул акбар» китебинен башталган семинар жыйнтыкталып, имамдарга сертификаттар тапшырылды.

Сертификаттарды КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек ажы Усманов, облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбековдор тапшырышты.

Сабакка катышкан имамдар семинар өтө пайдалуу болгонун айтып, устаздарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Семинарды жыйынтыктоо бөлүгүндө Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаевге, Токмок шаарынын баш имам-хатиби Имиржан ажы Касымовго, ошондой эле «София» медресесинин жетекчилигине КМДБнын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.