Мелисбек ажы Турганбаев Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби кызматына дайындалды

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби болуп Мелисбек ажы Турганбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков кол койду.  

Жаңы дайындалган шаардын баш имам-хатибин облус казысы жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

ӨМҮР ТАРЖЫМАЛЫ ЖАНА ЭМГЕК ЖОЛУ

Мелисбек ажы Турганбаев диний билимди Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинде алып, 2008-2014-жылы азыркы К.Ш.Токтоматов  атындагы Эл аралык университетинин финансы жана кредит адистигине ээ болгон. Учурда И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин 2-курсунун студенти.

2008-2009-жж. Кызыл-Туу а/ө Ак-Терек айылында имам.
2009-2011-жж. Сузак районундагы “Мундуз” мечитинде имамдын орун басары.
2011-2013-жж. Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын катчысы.
2013-2014-жж. Облус казысынын жардамчысы.
2014-2016-жж. Сузак районунун Ырыс а/ө “Абу-Аюб Аль-Ансарий” мечитинин имамы.
2016-2019-жж. Казыятынын окуу, даават бөлүмүнүн адиси
2019-2023-жж. Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын башкы эсепчиси кызматына аркалаган.

Үй-бүлөлү, 3 уул 1 кыздын атасы.