Исак ажы Юнусов райондогу жооптуу имамдарга алгачкы жыйынын өткөрдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов райондогу жооптуу имамдарга алгачкы жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын башында баш имам-хатиб жооптуу имамдар менен жакындан таанышып, биргеликте тыгыз иш алып баруу, элге диний жактан кызмат кылуу, ошондой эле алдыга койгон пландарын айтып өттү. Мындан сырткары райондун аймагындагы каттоодон өтө элек мечиттерди тактап, каттоого алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоону тапшырма берди.

«Буйруса жакшы иш алып барабыз деген үмүттөмүн. Биздин негизги максатыбыз ар бир иште жоопкерчиликтүү болууну талап кылуу. Жакында облустук казыяттын көчмө жыйыны биздин райондо болот. Ошого жалпы имамдарды чакырып, активдүү катышып бериңиздер», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.

Айта кетсек, аталган райондо имамдарды көзөмөлдөп турган 17 жооптуу имам бар.