Жалал-Абад облусунун казысы диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы жалпы диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө жыйын өттү. Жыйында окуу борборлордун алты ай ичи аткарган иштери, ийгиликтери, жетишкендиктери жана кемчиликтери видео-фото слайд менен көрсөтүлүп, окуу программасындагы артыкчылыктар жана кемчиликтер, Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасы боюнча түшүнүк, жүргүзүлүп жаткан иштер, алдыдагы экзаменге даярдык иштери, жайкы каникул боюнча бекитилген программалар жана максаттар боюнча талкуу болду. Жыйынга казыяттын окуу боюнча адиси Арпидин ажы Жороев, казынын кеңешчиси Тайржан Абдукаримов, катчы Канатбек Мусурманкулов жана окуу борборлордун мүдүрлөрү катышты.

Жыйында облус казысы окуучулардын билим алуусу үчүн шарт түзүү, аларга татыктуу билим берүү башкы максат экендигин белгилеп, буларга токтолду.

«Сиздер балдарга билим, тарбия берүү аркылуу кыямат үчүн эсепсиз соопторду алып жатасыздар. Аллахым ар бириңиздердин жасап жаткан ишиңиздерге, балдарга берип жаткан билимиңиздерге, өмүрүңүздөргө береке берсин. Ооба, сиздер аракет кылып иштеп жатасыздар. Бирок мезгил дагы да жаңыча күчтүү темп менен иштөөнү талап кылып жатат. Ошондуктан замандын агымына жараша окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу аркылуу балдарга татыктуу тарбия, жеткиликтүү билим берүүбүз зарыл. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп, билим деңгээлибизди улам көтөрүүнүн аракетинде болушубуз керек. Алдыда бүтүрүү экзамендери, бүтүрүүчүлөргө окугандыгын тастыктоочу документтерди берүү иш-чаралары турат. Айтайын дегеним, ошол сиздер бүтүрүүчүлөргө бере турчу күбөлүк, сертификаттардын даярдалышы ар түрдүү болуп жаткандыгы. Биз баарын бирдей тартипке алып келишибиз шарт. Ошондуктан казыяттын окуу боюнча адиси менен кеңешип, макулдашып, биргеликте чогуу иш алып барыңыздар. Мындан сырткары дагы көңүл бура туруу жагдай, бул жайкы каникулдагы бир айлык лагерлерди уюштуруу. Аны да өз алдыңыздарча эмес, муфтияттын атайын бекитип берген жобосуна ылайык, көрсөтүлгөн талаптар менен эрежелерди сактоо аркылуу уюштурууңуздар шарт. Алдыда ата-энелерди, мугалимдерди санаага салган 25-май бар. Ушул күнү балдар-кыздарга сак болуңуздар. Алар жаш, жаштык кылып, башаламандыктарга, ар кандай кырсыктарга аралашып калбасын. Ошол күндөрү күчөтүлгөн тартип менен иштеңиздер».

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун аймагында диний билим берүүчү 13 окуу борбор бар.