Жалал-Абадда имамдар жана хатибдер окутулду

Бүгүн, 21-май күнү Жалал-Абаддагы “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы Ислам маданий борборунда КМДБнын Халал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо боюнча окуу өткөрүлдү. Бул иш-чарада адал, арам жана халал сертификациялоо боюнча кеңири маалымат берилди.

Саамалыкка КМДБнын Халал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, баш имам-хатибдер жана жума мечиттеринин имамдары катышты.

Окуунун жүрүшүндө эт, сүт, кондитердик азыктар, тамак-аш жана башка өндүрүштүк азыктарга кошулган кошулмалар, татымалдар, чийки заттардын курамы, алардын арам жана адал түрлөрү айтылып, азыктарга кошулган «Е» коддор, көрсөтүлгөн кызматтардын шариятка ылай жүргүзүлүшү боюнча жалпы маалымат берилди. КМДБнын халал бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу жана аталган бөлүмдүн адиси Келдибек ажы Аскаралиев муфтияттын халал сертификатын алуунун жол-жобосун, кандай документтер керектелерин толук түшүндүрүшүп, имамдардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.