Баткенде имамдарга иш кагаздар жана бухгалтердик эсеп боюнча атайын сабак өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 20-21-май күндөрү Баткен облусунун аймагындагы имамдарга иш кагаздарды тартиптештирүү жана бухгалтердик эсеп боюнча сабак өтүлүүдө. Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, комиссия мүчөсү Эдил Нурбек уулу, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев жана КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов катышууда.

Сабактын башталышында Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактагы диний иш-аракеттер жана мечиттердин абалы, тагыраагы документ иштери, тазалыгы боюнча маалымат берди. Ал эми Абдиманап кары Масалиев “Имам кандай болуусу керек?” аттуу темада лекция окуду.

Андан соң КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдиновго сөз берилип, сабак процесси башталды.

«Биз, Борбордук Текшерүү комиссиясы, көп жыйындарга катышып, бухгалтердик эсеп боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул жолкусунда сабак уюштурулганы жакшы саамалык болуп турат. Негизинен иш кагаздары, бухгалтердик эсеп-кысап, кириштөө-чыгыштөө, мүлктөрдү каттоо, акт, протоколдор жана журналдарды толтуруу боюнча сабак берип жатабыз. Бул оор иш эмес. Ар бир жетекчи билиши зарыл болгон нерсе. Имам-хатибдер – булар мечиттин жетекчиси болгондуктан, эсеп-кысапка так болуусу зарыл жана ар кандай текшерүү учурунда бардык иш кагаздарын ачык көрсөтүп берүүсү талап кылынат», – деди Бакыт ажы өз сөзүндө.

Сабактар облус боюнча үч чекитте; Исфана-Лейлек имамдарына өзүнчө, Баткен шаар-району имамдарына өзүнчө жана Кадамжай-Кызыл-Кыядагы дин кызматкерлерине өзүнчө өтүп, катышуучуларга жеткиликтүү маалыматтар берилди. Анын алкагында имамдар иш кагаздарынын жазуу тартиптерин иш жүзүндө практикалоого да мүмкүнчүлүк табышты. Ошондой эле түрдүү суроолорго адистерден жооптор берилди.