Алмазбек ажы Сагындыковго КМДБнын «Ардактуу казысы» сыйлыгы тапшырылды

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген Алмазбек ажы Сагындыков өз арызынын негизинде кызматын тапшырды. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров мурдагы казынын облус калкына кылган көп жылдык эмгегин баалап, КМДБнын «Ардактуу казысы» сыйлыгын ыйгарды.

Өмүр баяны:

Сагындыков Алмазбек Шаршенбаевич 1974-жылы 17-июлда Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айлында төрөлгөн. Жети бир туугандын бешинчиси.

Ал 1981-жылы Кайырма-Арык орто мектебинин босогосун аттап, 1991-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы 1991-жылы «Хазрети Умар» атындагы медресеге (азыркы Ислам университети) тапшырып, медреседе 1992-жылдын март айына чейин билим алган. Медреседен Түркия мамлекетине окууга тандоо болуп, 1992-94-жылдары Стамбул шаарындагы «Чамлыжа» Kуран курсунда окуган.

1994-жылы Бишкек Гуманитардык университетине тапшырып, ошол жылы билим берүү министирлигинин жолдомосу менен Египет араб мамлекетинин борбору Каир шаарына барып, 1994-2004-жылдары «Аль-Азхар» ислам университетинде билим алган. 2004-2006-жылдары «Ислам маданият борбору» фондусунун директору болгон.

Ошондой эле 2011-жылы Кувейт мамлекетинде «Курси-Нур», «Аль-Васатия» институнда билим алган.

1996-ж. Сауд Араб Падышалыгына кичи ажылыкка (умра) барып келсе, 2011-2014-2019-ж.ж. үч ирет ажылык сапарына барган.

2011-2017ж.ж. Академик Ж. Алышбаев атындагы кооперативдик Институту, Экономика факултетин аяктаган.

Алмазбек ажы Сагындыков 2006-жылдын февраль айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:

Сагындыков Ысык-Көл облусунун 70 жылдык, Каракол шаарынын 140 жылдык юбилейлик төш белгиси жана ИИМдин 90 жылдык юибилейлик төш белгиси, мындан сырткары КР Ардактуу аксакалы төш белгиси менен сыйланган. Облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана шаардык мэрия тарабынан Ардак грамота жана сыйлыктары тапшырылган.

Ошондой эле 2019-жылы “Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” наамы берилген. Үй-бүлөлүү; эки кыз, үч уулдун атасы.