Давранбек ажы Жунушалиев Ош шаарынын казысы менен жолугушту

Бүгүн, 23-май күнү КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунушалиев жана муфтияттын ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаардык казыятын зыярат кылып, казы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар маселелер каралып, Ош шаарындагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча талкуу болду.

КМДБнын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунушалиев мындан кийин мечиттердин документтери мечит курулганга чейин такталып, андан соң салынууга уруксат берилерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө райондордо айрым мечиттер кызыл сызыкта же болбосо суу өтмөктөрдүн үстүнө салынып калгандыктан, керектүү иш кагаздарын ала албай келишет», – деди бөлүм башчы өз сөзүндө.

Казыяттан билдиришинче, калаа аймагын кеңейтүү иштеринин алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарына 43 мечит өтүп, азыркы учурда ошол диний объектилердин документтери шаардык диний мекеме тарабынан иреттелүүдө.