“Муьаз ибн Жабал” медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

Баткендеги “Муьаз ибн Жабал” медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи уюштурулуп, ага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери, Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби, ошондой эле медресе студенттери жана ата-энелери катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, төкмө акындардын ыр түрүндөгү насааттары менен коштолду. Диплом тапшыруу учурунда облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров илимдин баалуулугу тууралуу аят, хадистерден айтып, бүтүрүүчү студенттерди коомдун диний сабаттуулугун көтөрүүгө, ислам баалуулуктарын жеткирүүгө жана алган билимдерин татыктуу таратууга чакырды.

Иш-чарага катышкан медресе студенттеринин ата-энелери балдарынын алган билим, тарбияларына ыраазылыгын билдирип, мугалимдерге алкыштарын айтышты. Ал эми сөзгө чыккан бүтүрүүчүлөр алган билимдерине амал кылуу менен башкаларга жеткирүү негизги милдети экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, медресе өзүнүн ишмердүүлүгүн 2010-жылы баштап, дин эсептик каттоодон өткөн. Ачылган жылдарынан тарта улан-кыздарды окутуп, турмуш жолуна даярдап, тарбиясын берип келет. Медресе 2013-жылдын 14-майында Аалымдар Кеңешинин №5 токтомунун негизинде жогорку медресе деп табылган.