Муфтият мечиттердин онлайн геолокациясын түзүп, иш кагаздарын санариптештирет

Бүгүн, 22-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында кезексиз жыйын өтүп, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун диний башкармалыкты өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык беш жылдык планы талкууга коюлду.

«Бул жерде баарыбыз динге, элге, мекенге кызмат кылабыз деп келгенбиз. Бул жер мындайча айтканда диний администрация. Мында эң мыкты диний адистер иштеп, жарандарга кызмат көрсөтүүнүн жогорку үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш. Ошону менен бирге муфтиятыбыз заман талабынан артта калбай, керек болсо алдыга озушубуз керек. Мына ушул багытта Устав чийининде КМДБны өнүктүрүүгө багытталган стартегиялык 5 жылдык иш план түзгөнбүз. Ал негизинен 40 пункттан турат. Мекемени жана аймактагы өкүлчүлүктөрүбүздү күчтөндүрүү максатында ички жана аймактык ротациялар, мыкты кадрларды тартуулар болот», – деп билдирди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Жыйындын жүрүшүндө стратегиялык 5 жылдык иш пландын ар бир бөлүмгө тиешелүү пункттары бөлүштүрүлүп, тапшырмалар берилди. Айрыкча муфтияттын маалыматтык агартуу саясатына көңүл буруу, иш кагаздарды жана каттарды санариптештирүү, мечиттердин онлайн картасын жана имамдардын базасын иштеп чыгуу өңдүү зарыл маселелер талкууланып, тиешелүү адистерге көрсөтмөлөр берилди.