Кызыл-Кыяда диний окуу курсун аяктагандарга сертификат тапшырылды

Кечээ, 21-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Айша эне» атындагы диний окуу борборунда Куран окуу боюнча 6 жана 9 айлык окуу курсун аяктагандарга окуу жайдын атайын сертификаты тапшырылды.

Бул аземге аймактагы дин кызматкерлери катышып, илим алуу тууралуу баяндамаларын жана каалоо-тилектерин айтышты.

«Азирети Айша эне» атындагы окуу борборунун жооптуу кызматкери Нурсултан ажы Назарбаев сөз сүйлөп, окууну аяктагандарга ийгилик каалап өттү.

«Пайгамбарыбызга биринчи түшкөн аят бул اقرا – окуу деген маанини билдирет. Адам баласына бешиктен кабырга чейин билим алуу парз. Ошондуктан сиздерге өтө ырызы болуп олтурам. Себеби араңыздарда чоң апалар бар экен. Ушул жерден алган илимиңиздер акыретте башыныздарга көлөкө болсун. Кабырыңыздарды нурлантып турсун», – деди Нурсултан ажы Назарбаев.

Белгилей кетсек, аталган окуу курсун 15 аял окуп бүттү.