Ош облусу жана шаарынын имамдары «халал» боюнча окуудан өттү

Бүгүн, 22-майда Ош облусу жана Ош шаарынын имамдары, хатибдери Кыргызстан мусулмандарынын Халал иштери боюнча продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо бөлүмү тарабынан окутулду. Иш-чарага КМДБнын тиешелүү бөлүмүнүн жамааты, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош облустук сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун өкүлү Шарабидин Эшанкулов катышты.

«Бүгүн адал-арам маселесине талаптар күчөп жатат. Мында биздин жоопкерчилигибиз чоң. Мусулмандардын шарият жагына жоопкер биз болгондуктан, жапа тырмак кызмат кылышыбыз керек», – деди өз сөзүндө облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Окуунун жүрүшүндө адал, арам жана халал сертификатын алуунун жол-жобосу жөнүндө кенен маалымат берилди. Тамак-аш, кондитердик азыктар жана башка өндүрүштүк азыктарга кошулган кошулмалар, татымалдар, чийки заттардын составдары, «Е» коддор жана алардын арам-адал түрлөрү айтылды. Көрсөтүлгөн кызматтардын шариятка ылай жүргүзүлүшү боюнча жалпы маалымат берилди. Ага кошумча шариятка жана стандартка ылайык продукциялардын ташылышы, сакталышы жана таңгакталышы жөнүндө да сөз болду.

«Азыркы күндө документтештирүү заманында азык-түлүктөрдү өндүрүүдө көптөгөн стандарттар кирип жатат. Биз дагы бул багытта иш алып баруубуз зарыл. Продукцияларга жана кызматтарга талапка жараша дыкат көзөмөл кылып, текшерүүбүз керек. Себеби халал сертификатын берип жатканда мусулмандар адал деп колдонуп жаткан азыктар менен кызматтарга биз жоопкерчилик алабыз», – деди муфияттын халал бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу.

Өз кезегинде Ош облустук сыноо, сертификаттоо жана метрология бөлүмүнүн адиси керектелүүчү документтер, сертификат алуу процесстери жана кошумча суроолору болуп калса жооп берүүгө жана кызматташууга ар дайым эшиги ачык экенин билдирди. Окуунун жыйынтыгында катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, атайын маалымат баракчалары таратылды.